Текебаев: «Элчиликке Германиядагы дипломаттардын аялдарынын бир тобу эшик-төр көргөнү келишти»

«30-мартта Берлиндеги элчиликке Германиядагы дипломаттардын аялдарынын бир тобу эшик-төр көргөнү келишти». Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев соцтармактагы баракчасында билдирди.

«Мен кɵп жолугушууларга баргам, кɵп делегацияларды тосуп алгам, бирок бул жолугушуу бизге ɵзгɵчɵ жоопкерчиликти сездирди. Анткени кыргыздарда «Эшик-тɵрдʏ кɵргɵнʏ келет» деген сɵз бар. Аялдар майда-чʏйдɵнʏ байкай билет, анан сɵз кылышат. Ошондонбу, айтор, дʏйнɵнʏн ар тарабынан келген аялдардан биз бир аз чочуладык.

Бирок жолугушуу жакшы ɵттʏ. Эски тааныштардай, кубануу менен жолугушуп, сʏйлɵшʏп, кɵңʏлдʏʏ болду. Кызуу талкуулар болду. Муну уюштурганга Берлинде окуп жана иштеп жаткан кыргызстандык ыктыярчы кыздар менен балдар жакшы жардам беришти.

Биз айымдарга Кыргызстан жɵнʏндɵ айтып, аларды Кыргызстанга чакырдык. Алар Кыргызстанга абдан кызыгышты. Кыргызстанга барууну ниет кылышты. Элчиликте Германиянын жаратылышты коргоо союзу (НАБУ) менен биргеликте «Ак илбирстин из менен» деген кɵргɵзмɵ ачылган. НАБУнун ɵкʏлдɵрʏ келген конокторго Кыргызстандын жаратылышы жана ак илбирс тууралуу баяндап берди», — деп жазылат билдирүүдө.