Текебаев: «Коркутуу, кармоо, камоо — бул туура эмес»

Кемпир-Абад маселеси боюнча үйүндө тинтүү болуп, кармалып, 48 саатка тергөө изоляторуна киргизилип жаткандар тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев үн катты.

«Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Клара Сооронкулова жана башкаларды оор кылмышка шектеп, 2 суткага тергөө изоляторуна киргизишкенин уктум. Мен жакында эле Бишкектен келдим. Алардын баары менен жолуккам, ниетин жана иш-пландарын жакшы билем. Алар мыйзамды сыйлаган жана мыйзамга каршы чыкпаган адамдар», — дейт элчи.

Текебаевдин айтымында, коркутуп-үркүтүү, кармоо, камоо туура эмес жол жана бул туңгуюкка алып барат.