Текебаевге кол салуу. Кайрат Чокеев Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин курамынан чыгарылды

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууга катышкандардын бири, Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев Президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин курамынан чыгарылды. Бул тууралуу аталган кеңештен билдиришти. 

Маалыматка караганда, анын кызматтык күбөлүгүн алуу менен Чүй облусундагы аймактык өкүлдөрдүн курамынан чыгарылган. «Буга чейин Кайрат Чокеев кеңештин коомдук башталышында мүчө болгон. Ал райондун өкүлү болуп дайындалды. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.