«Телефон тынбай калды» дейт Андрей Малаховдун берүүсүнө барган Мираждын атасы

12 жаштагы Мираж Акбаев орусиялык алып баруучу Андрей Малаховдун «Песни от всей души» берүүсүнө барып, Юрий Шатуновдун «Белые розы» ырын аткарды. Бул берүү 5-ноябрда көрсөтүлдү.

Мираж Акбаев синтезатордо кол ойнотуп, баарын бийлетти. Берүүдө анын үй-бүлөсү, чыгармачылыгы тууралуу видео көрсөтүлдү. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Мираждын атасы менен байланышканыбызда, тартуу иштери октябрь айында болгону, сонун барып келишкенин айтты. «Бизди кабарчылары Казакстандан издешиптир. Ютубдан видеолорду көрүп, телефонубузду таап, келебиз дешти. 13-14-октябрда келип тартып, 15-октябрда кетишти. 17-октябрда Москвага барып, берүү 19-октябрда тартылды. 22-октябрь кайра келдик. Комуз, калпак, алма белек кылдык. Берүү чыккандан бери телефон тынбай жатат. Азыр эми бизди Казакстан, Өзбекстан, Түркияга чакырып жатышат», — деди атасы.