«Телефондон сүйлөшкөн күндүн эртеси эле сөөгүн алып келишти» дейт лифтке кыпчылып каза болгон жарандын апасы

Мындан бир ай мурда Бишкектин “Улан-1” кичи районунда эркек киши лифтке кыпчылып каза болгон. Биздин редакция кан жутуп турган маркумдун үй-бүлөсүнө барып көңүл айтып, кабар алдык. Маркумдун апасы уулун эскерип, анын үй-бүлөсүнө камкор ата болгонун айтты.

«Каза болгон уулум уулдарымдын эң улуусу эле. Мындан улуу кызыбыз бар. Уулум менен акыркы жолу каргашалуу окуя болгонго чейин бир күн мурда сүйлөшкөнбүз. Эртеси саат 11лерде эле бирөө телефон чалды. Эмнеге андай болду деп туугандарга чалсам эч ким жооп бербейт. Эртеси сөөгүн алып барышты. Максаттары сонун болчу, «балдарым чоңойсо окутам, үй алабыз» дечү эле», — дейт сыздаган эне.