Телефондорду тыңшоо. Акыйкатчы Башкы прокуратурага кайрылды

Акыйкатчы Токон Мамытов укук коргоо органдары телефондору тыңшалган айрым саясатчылардын, депутаттардын жана активисттердин укуктарынын бузулушуна байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылды.

Маалыматка караганда, дал ушундай өтүнүч менен акыйкатчыга Клара Сооронкулова, Рита Карасартова жана Сания Токтогазиева кайрылышкан. Алар Кыргыз Республикасынын жүздөгөн жарандарынын жеке жашоосуна мыйзамсыз кийлигишүү фактылары менен күрөшүүнү талап кылышты. Атап айтканда, алар сентябрдын аягында Клара Сооронкулова менен Рита Карасартованын Telegram аккаунттарына хакердик чабуул жасалганын, алардын жеке кат алышуулары жана аудио билдирүүлөрү социалдык тармактарда жарыяланганын көрсөтүшкөн. Кошумчалай кетсек, адвокаттар Сания Токтогазиева менен Замир Жоошевдин баракчалары чабуулга кабылган.

Буга байланышуу акыйкатчы Токон Мамытов Башкы прокуратурага чара көрүү жана бул жагдайга укуктук баа берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин спикерине жана Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын жетекчилерине кайрылды.