«Телефону токойдогу суу жээгинен табылды». Таласта 14 жаштагы кыз дайынсыз болуп жатат

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Таластагы Бала-Саруу айылында токойдо 2008-жылы туулган кыз дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, анын уюлдук телефону Талас суусунун жээгинде табылган. Издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, издөө иши натыйжа болбогонуна байланыштуу убактылуу токтотулган. Бүгүн, 22-август күнү издөө улантылат.