Темир жолдо жаранды поезддин астынан куткарып калган кызматкер саат менен сыйланды (фото, видео)

Темир жолдо уктап калган жаранды поезддин астынан куткарып калган кызматкер саат менен сыйланды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан кабарлашты.
Сыйлыкты башкармалыктын атынан Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын начальниги Алмазбек Исаков тапшырып, мындай жакшы көрүнүш кыргыз милициясынын кадыр-баркынын өсүшүнө жакшы өбөлгө болуп, жаш кызматкерлерге үлгү болорун белгилеп, мындан ары да кызматтык ийгиликтерге жетишине тилектеш экендигин билдирди.
Эскерте кетсек, кызматкер жанындагы напарниги менен 24-июлда поезддин катуу ылдамдыкта келе жатканына карабай өз өмүрлөрүн тобекелчиликке салып, темир жолдо уктап калган жаранды куткарып калышкан.