Бүгүн, 15-ноябрда Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы депутат жана партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын мүчөсү Роза Түрксеверди камакта калтырды.
Маалыматка караганда, алар 13-январга чейин СИЗО-1ге киргизилди.
Буга чейин Бишкек ШИИБ маалымат таратып, добуш сатып алууга шектелип “Социал-демократтар” саясий партиясынын бир катар мүчөлөрү кармалганын билдирген. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.