Темирлан Султанбеков сабалдыбы? Өзү жооп берди

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков сабалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

Ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, учурда тоодо экенин, ооругандыктан ден соолугун калыбына келтирип жатканын жазды.

«Бир журналист (тилекке каршы, мен аны менен тааныш эмесмин) мени кимдир бирөө сабады деген маалыматты таратты. Мен андан бир маалыматты тактагым келди. Ким сабаптыр, каякта сабаптыр? Акыркы убакта биз жана биздин партия тууралуу ушунча фейк маалыматтар тарап жатат, башка партиялар коркуп башташты дегенди билдирет. Коркпогула, мен оорудан кийин тоодо эс алып жатам«,- деп жазды ал. 

Буга чейин соцтармакта Султанбеков сабалды деген маалымат тараган.