«Temirov Live» долбоорунун жетекчиси ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди

«Temirov Live» долбоорунун кеңсесиндеги тинтүүдөн кийин аталган долбоордун жетекчиси Махабат Тажибек кызы ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди.

Буга чейин бүгүн, 16-январда таңкы саат 6дан тартып бир катар журналисттердин үйүндө тинтүү жүрүп жатканы айтылып, айрымдарынын кармалганы да маалымдалган. ИИМден «Айт айт десе» жана «Temirov Live» массалык баш аламандыкка чакыргандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдиришти.