Темиров менен Назаровдун кармалышы. Митинг өтүп жаткан ИИМдин имаратына жанына кошумча күчтөр тартылууда

Бүгүн, 23-январда саат 11:00дө иликтөөчү журналист Болот Темировдун бошотулушун талап кылган митинг ИИМдин имаратынын жанында башталды. Ага депутаттар, жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер, укук коргоочулар жана башкалар катышты. Митингдин катышууучулары «Болотко боштондук», «Ташиев отстакага кетсин» деп кыйкырышты.

ИИМдин өкүлү митингчилердин алдына чыгып, иликтөөчү журналист Болот Темиров эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганын билдирди. Ал бул иш саясий куугунтук эмес экенин айтты. Ошол эле учурда ИИМдин имаратынын жанындагы көчөлөргө милициянын кошумча күчтөрү тартылып, милиция кызматкерлери жана унааларынын саны көбөйдү.

Митингге Болот Темиров менен кошо кармалган төкмө акын Болот Назаровду колдогондор да келди. Акын Азамат Болгонбаевдин айтымында, Назаровдун кармалышы анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу. «Назаров көп жылдан бери бийликтин кемчиликтери, чындык тууралуу ырдап келет», — деди ал.