Бүгүн, 11-октябрда Темировка айылында август айындагы селден жабыркаган тургундар үчүн беш турак үйдүн курулушуна старт берилди. Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, райондун акими Жапарбек Ормонов, Мамлекеттик курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин өкүлү жана айыл тургундары катышты.
Район акими Жапарбек Ормоновдун айтымында, Ысык-Көл районунда селден 301 үй-бүлө жабыркаган, алардын ичинен 29 үй толугу менен жараксыз деп табылган. Бул үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан ар бирине 1 миллион сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлгөн. Калган жабырлануучулар үйлөрүнүн бузулушуна жараша материалдык жардам алышат. Облус башчысы Уланбек Далиевдин белгилешинче, селдин кесепеттерин жоюу жана жабырлануучуларга компенсация төлөп берүү максатында мамлекет тарабынан 74 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк айлыгын атайын эсепке которушкан, ошондой эле демөөрчүлөр жана жарандар дагы жардам көрсөтүүдөн четте калган жок. Турак үйлөрдүн курулушу Мамлекеттик курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги тарабынан тандалган түрк курулуш компаниясы «Роялсафа» тарабынан ишке ашырылмакчы.