Теңгиз Бөлтүрүк 100 миң доллар айлык алып жүргөнбү? Министрлик жооп берди

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясынын» президенти Теңгиз Бөлтүрүктүн эмгек акысына байланыштуу маалыматтардын ачык-айкындуулугун жана толуктугун камсыз кылуу максатында Финансы министрлиги маалымат таратты.

«Президенттин токтомуна ылайык, бул реформаларды ишке ашыруу максатында «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коом түзүлүп, Теңгиз Бөлтүрүк уулу президенттик кызматка дайындалган. Бул ишкананын уставдык капиталын түзүү үчүн республикалык бюджеттен 3 миллиард 400 миллион сом бөлүнгөн. Финансы министрлиги баса белгилейт, ушул күнгө чейин ага республикалык бюджеттен жана «Улуу көчмөндөр мурасынын» бюджетинен айлык акы берилген жок. Ар бир чыгаша бухгалтердик отчеттор менен тастыкталган. Учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясын жоюу иштери жүрүп жатат», — дешти.

Буга чейин айрым ЖМКлар “Кумтөр Голд Компанинин” тышкы башкаруучусу катары Теңгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингинен айына 45 миң доллар маяна алып турганын, муну Каржы министри Алмаз Бакетаев бекиткен айлык экенин, андан сырткары Кумтөрдөн айына дагы 55 миң доллар алып турганын жазып чыгышкан. Ошентип, Бөлтүрүк айына 100 миң доллар алып жүргөнүн билдиришкен.