«Терс образда көрсөтүлүп калат». ИИМ Анжелика тартылган чуулуу сериал боюнча комментарий берди

Ырчы Анжелика КТРКнын эфиринен ал тартылган «Адилет» сериалын алып салышканын айтып, бир ай мурда ИИМ министринен колдоо сурап чыкканын айткан. Бул боюнча ИИМден журналисттерге комментарий берилди.

«Телеканал эфиринде эмнени көрсөтүп, эмнени көрсөтпөшүнө Улан Ниязбеков эч кандай таасир эте алмак эмес. Ал элдин башын айлантып жатат. Биз эфирден алгыла деп таасир эте албайбыз. ИИМдин башчысынын эч кандай тиешеси жок.

Тасмада чет элдик сериалдардагыдай милиция тууралуу ойду бурмалаган айрым учурлар бар экен. Андай учурлар болгон, алмаштыруу суранычы айтылган. Акыркы убакта болуп жатпайбы, бир нерсе болсо эле милиция кызматкерлери баарына күнөөлүү дегендей. Биз жеке мындайды каалабайт элек, биздин киноматографияда дагы. Болгону өз дооматтарыбызды айттык «бул жери мындай же тигиндей» деп. Бирок бул жерде ИИМдин башчысынын эч тиешеси жок», — деп айтылат маалыматта.