Тез жардам кызматкери: «Рак менен ооругандар ар бир мүнөттү баалашат»

Сиренанын үнүн жаңырта чакыруулар боюнча медициналык жардамга муктаждарга шашып жүргөн тез жардам кызматкерлерин көрүп жүрөбүз. Дал ошол тез жардам кызматында 33 жылдан бери эмгектенген Айнагүл Алымкулова SUPERTV’га өз ишиндеги эсте калган, жүрөк үшүн алган, кейиткен жана кубанткен учурларды эстеп айтып берди.

«Спирт ичимдигин көп ичип уулангандар да болгон. Эсимде бейтап аябай кыйналып жатып, «Эже, мени сактап калгылачы, экинчи ичпейм» дегени эсимде. Азыр рак менен ооругандар көп. Алар өлөрүн билишет. Акыркы стадиядагылар аябай кыйналышат. Аба жетпей, кыйналып, жашагысы келишет. Арасында жаштар да бар. Туугандарынын жаны ачыйт. «Тирилткиле» дегендер да болот. Оору басуучу дарыларды саябыз да, «эми билесиңер да, бул оору ушундай» деп кетебиз. Биздин көз алдыбызда өлүп калгандар болду. Кээ бирөө уктаган бойдон эле кетип калат. Өзгөчө онкологиялык оорулуулар аябай жашоо үчүн күрөшүп, жашагылары келишет. Ар бир мүнөттү баалашат», — деди ал.