Тез жардам унаасына салынып жаткан айыптар Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин жыйынында Тез жардам кызматына салынып жаткан айыптар боюнча маселе көтөрүлдү. Бул маселе Жогорку Кеңеште буга чейин да көтөрүлгөн.

Депутат Балбак Түлөбаев Тез жардам кызматынын унаасы жолдогу камерага түшүп, айыптар келип жатканын айтып, маселени чечүүнү талап кылды. Ал эми депутат Марлен Маматалиев бул боюнча буга чейин жыйын өткөргөнүн айтып, Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен сүйлөшүү жүргүзүү керектигин айтты. Анын айтымында, камерага анын мигалкасы түшпөйт жана номуру гана түшөөрүнө байланыштуу алардын Тез жардам унаасы экени билинбей калат.

Депутат Сүйүн Өмүрзаков камерага бардык унаалар түшөрүн айтып, тиешелүү тарап айып пул боюнча кайрылбай жатканын божомолдоду. «Камерага бардык унаа түшөт. Жол эрежеси бузулса МАИнин да унаасы түшөт. Тез жардам унаасына айып салынбайт. Барып айдоочулар кайда кайрыларын түшүнүп алсын», — деди ал.

Депутат Кундузбек Сулайманов муну териштирип, акырына чыга албай койгонун айтты. «10 күндүн ичинде ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын комиссиясына кайрылышы керек экен. Кат жазылбаса, каралбайт экен. Бул камеранын начарлыгынан болуп жатат. Көчөгө коюлган камералар керек болсо, көк түстү ажырата албай жатат. Маселе ушунда», — деди ал.