«Тез көбөйөт экен». Кадамжайдагы дыйкан эгиндерге курт түшүп жатканын айтты (видео)

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине дыйкан Чыңгыз Жаркынов кайрылып, Кадамжайдагы эгиндерге курт түшүп жатканын айтты.

«Биз бул курттарды 10-июлда байкадык. Бул курт былтыркы жылы бир аз бар болчу. Бирок быйыл өтө эле көбөйүп кетти. Миңдеген гектар эгин жерлерге жайылды. Куртка каршы дары чачса өлөт экен, бирок баары тегиз чачышы керек экен. Андай болбой жатат. Бирөө чачса, экинчиси чачпайт экен. Өзүбүздүн 5 гектар жерибизге чачтык, кайра эле коңшулардан келе берет экен. Буга Айыл чарба министрлиги чара көрбөсө болбойт. Курт тез көбөйөт экен. Алдын алыш керек»,— деди ал.