Тез, ыңгайлуу, онлайн: MBusiness жеке ишкерлер үчүн бизнес-кредит сунуштайт

Биз сиздин эмгегиңизди жана күн сайын бизнесиңизге арнаган күч-аракетиңизди жогору баалайбыз. Сиз алдыга умтулуп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп, өнүгүүгө аракет кылып жатасыз. Ошол себептен, сизди колдоо үчүн MBusiness жеке ишкерлерге арналган онлайн-кредитти иштеп чыкты.

Сиз үчүн ыңгайлуу жана тез кредит

Биз үчүн эң башкысы — убактыңызды үнөмдөө. Эми банкка барбай эле, иш ордуңуздан жылбай туруп кредит алсаңыз болот. MBusiness сиз сыяктуу ишкерлер үчүн максималдуу ыңгайлуулук менен иштелип чыккан.

Кредиттин өзгөчөлүктөрү:

. Өтүнмөгө жооп болгону 1 мүнөттө
. Күрөө, кепил же кошумча маалымкаттар талап кылынбайт
. 200 000 сомго чейин каражатты онлайн түрүндө эсепке алуу
. Колдонмо аркылуу башкаруу: графикти көрүү, төлөө, мөөнөтүнөн мурда жабуу
. Жылдык пайыздык чен — 22%, натыйжалуу чен — 25,71%

Эгер сизге 200 000 сомдон ашык керек болсо:

. 500 000 сомго чейин алуу мүмкүн
. Өтүнмөгө чечим — 1 мүнөттө
. 200 000 сомдон жогору сумма үчүн каражатты алуу жакынкы бөлүм аркылуу жүзөгө ашат. Бул коопсуздукту камсыз кылат жана кошумча кеңеш алууга шарт түзөт

Муздатуу мөөнөтү — коопсуз чечим үчүн

Кредит бекитилгенден кийин, чечимиңизди кайра карап чыгууга убакыт берилет:
. 50 000 – 100 000 сом: 4 саат
. 100 000 – 200 000 сом: 12 саат
Бул сизге шек саноолорду жоюп, туура чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

Сиздин бизнес — колдоого татыйт!
Бул онлайн кредит — жөн гана акча эмес. Ал сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз. Биз сиздин салымыңызды жогору баалап, өнүгүүңүзгө жардам берүүгө даярбыз.

Ишти чоңойтууга даярсызбы? Өтүнмөнү азыр эле бериңиз!
MBANK – Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы