Тик учак кырсыгынан жабыркагандардын бири Түркиядагы ооруканадан чыгарылып, Кыргызстанга кайтып келди

Тик учактын кулашынан жабыркаган аскер учкучу Түркияда ооруканадан чыгарылып, Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Анталиядагы башкы консулдуктун маалыматына караганда, учкуч Кыргызстанда толук сакайып кетүү үчүн андан ары реабилитациялык курстан өтөт.

Калган жабыркаган жарандардын ден соолугу жакшырып жатат жана жакын арада үйлөрүнө чыгарылат. Аларга Башкы консулдуктан да, Адана шаарында жашаган мекендештерден да жардам көрсөтүлөт.

17-январда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кыйраган. Коргоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматчысы каза болгон. Жабырлануучулардын экөө Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

2-февралга караган түнү Бишкек шаарындагы ЖЭБде авария болуп, 5 адам жабыркады. 80-90 пайыз күйүк алган эки жабырлануучу Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.