Тик учак кырсыгынан жаракат алгандарга облус башчысы барды (сүрөт)

Министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов тик учак кырсыгынан жаракат алгандардын абалынан кабар алды. Тик учак Ноокат районунун Кичи-Алайында авариялык абалда конуп, кийин өрттөнүп кеткен. Облус башчысы жаракат алгандар менен сүйлөшүп, тез арада сакайып кетишин каалады.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кырсыктан 14 адам жаракат алганын, анын ичинен бирөөнүн абалы оор экендигин маалымдаган.