Бүгүн, 19-январда Бишкекте тик учак кырсыгынан каза болгон Жайыл Самудинов менен коштошуу зыйнаты болду.
Жайыл Самудинов 1994-жылы туулган. Быйыл үйлөнмөк. Жакындары ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу экенин билдирди.
Маркум Орусиядагы Сызрань жогорку аскердик авиациялык учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Соңку кезде Башкы штабда кызмат өтөп жүргөн.