Тик учак кырсыгынан каза болгон Жайыл Самудиновдун сөөгү эртең жерге берилет

Тик учак кырсыгынан каза болгон Жайыл Самудиновдун сөөгү эртең жерге берилет. Бул тууралуу Кактус жазды.

Ал 1994-жылы туулган. 30 жашта болчу. Быйыл үйлөнмөк. Жакындары ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу экенин билдирди.

Маркум Орусиядагы Сызрань жогорку аскердик авиациялык учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Соңку кезде Башкы штабда кызмат өтөп жүргөн.