«ТикТокто» видеосу миллиондон ашык каралган рак менен күрөшкөн жигит маек берди. Ал өз жашоосу менен дем бергиси келет

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги учурда өзүнүн мотивациялары менен ТикТокту «жарып» жаткан Жыргалбек Кудайкулов менен маектештик. Ал 24 жашта. Учурда 2-стадиядагы рак оорусу менен жабыркап келет. Ошого карабастан ал өзүнүн колдонуучуларына дайыма күлүп жүрүүнү, жакындарга көңүл бурууну жана убакытты туура пайдалануу керектигин айтып келет.

 — Аты-жөнүм Кудайкулов Жыргалбек Эрмаматович. 1998-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Рахмандан деген айылында туулгам. Мээдеги рактын 2-стадиясы менен жабыркап келем. Бул ооруга чалдыкканымды угуу мен үчүн аябай оор жана күтүлбөгөн кабар болду. Башында бардык нерседен үмүтүмдү үзүп, алкоголдук ичимдиктер менен өзүмдү алаксыта баштадым. Бирок бул жардам берген жок. Башка мага окшоп ушул оору менен ооруган инсандар менен жолугуп, алардын абалын көрүп, дем-күч алдым. Себеби менден да оор абалда жаткан, качан өлөрү белгилүү болуп калган адамдар бар эле. Ошол кезде жаштыгымдан кыялданган, ушул адамдарга дем-күч берчү кино тартууну туура көрдүм. Эч кандай демөөрчүсү жок команда топтоп, кыйынчылык жана тоскоолдуктарга карабай, командамдын жардамы менен тартып бүттүм. 

— Видеолоруңузда диагнозуңузду билген соң, жакын адамдарыңыздын баш тартканы жазылган, бул сиз үчүн күтүлбөгөн жагдай болдубу же ушундай болот деп ойлодуңуз беле?

— Ачыгын айтканда, күткөн эмесмин. Себеби мен ушунчалык ишенип, эч нерсемди аябай жакын көргөн инсандарым бар болчу. Ооруп кыйналып жаткан учурда ошол инсандардын финансылык эмес, жөн эле жанымда болуп, колдоп турса деп үмүт кылгам. Тилекке каршы, айрымдары ден соолугумду да сурап койгонго жараган жок. 

— Ооруга чалдыккан соң, апаңызга көпкө жашырып айтпай жүрдүңүз окшойт, буга эмне себеп болду?

— Атам жана бир туугандарым билчү. Жалгыз апама көпкө айтпай жүрдүк. Себеби апама кайгырганга болбойт, а мен апамдын ооруп калышын каалаган жокмун. 

— «Рак» деген кинодо өзүмдүн рак экенимди билип, ошол ролду ойноо оор болду деп жаздыңыз, а эмне үчүн башка актер тапкан жоксуз?

— Актер канчалык таланттуу болбосун, бул ролду аткаруу жана көрүүчүлөргө жеткирүү өтө кыйын, ошол себептен өзүм жан дүйнөмдө сезип жаткан нерсемди көрүүчүлөргө өзүм жеткирем деп чечтим. 

— Өзүңүздүн ооруп жатканыңызга карабастан, мотивация берүүнү чечтиңиз, буга эмне түрткү болду?

— Бардык адам баласы эле катачылык кылат. Мен да көп катачылыктарды кылгам. Көп адамдардын көңүлүн ооруткам. Мен өмүр бою ушундай жакшы жашоо улана берет деп ойлогом, бирок бүгүн жашооңдо эртең эмне болуп кетерин билбериңди эми сезип отурам. Мен кылган катачылыкты дагы бирөөнүн кылышын каалабайм. Ар бир мүнөтүн пайдалуу өткөрсө дейм. 

— Мотивация алгандар сизге рахмат айтып жатышабы?

— Ооба, аябай көп. Мен кинону ооругандарга күч-кубат болсун деген ойдо гана тарткан болчумун. Бирок кинодон кийин дени сак адамдар да жазып, ыраазычылык айтып жатышат. Айрымдары ооруп жаткан туугандарын жакшы түшүнүп баштаганын айтышты. 

Бул оору жашооңузду ага чейин жана андан кийин кылып бөлүп койгондой элес калтырды…

— Ооруганга чейин болбогон эле көйгөйлөр үчүн ойлонуп, нерв болуп жүрө берген экем. Насыя, карыз, жумуш, карьера, келишпестиктер жана башка… Жашоонун проблемалары менен алек болуп, өзүмө жана жакындарыма көңүл бура албаптырмын. Көрсө, маселе, көйгөй эч качан бүтпөйт экен. Бирөөсүн чечсең, экинчиси, аны чечсең, үчүнчүсү… А адам баласынын убакыты өтө берет экен. Ошондуктан жакындарыңа жана өзүңө көңүл буруп, убакытты пайдалуу өткөрүүнү сунуштайм. 

Куранда жазылгандай айыкпас оору жок. Оорунун баары зыяндуу тамак-аш жана адамдын бирөөгө болгон таарыныч, капачылыгынан пайда болот экен. Ошондуктан бүт таарыныч, капаны унутуп, күлүп-жайнап жүрсөк, бардык ооруну жеңсек болот. Андыктан ооруп жаткандарга айтчу сөзүм «эч качан көңүлдү түшүрбөгүлө, нужно искать причину улыбаться, а не грустить».

— Маегиңизге рахмат, сиздин күчтүү адам экениңизди билебиз. Кудайым, ооруну шыпаасы менен берген болсун! Ийгилик, ден соолук каалайбыз!