Бүгүн, 16-январда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер арасында өткөрүлгөн төрт айлык сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу Тил комиссиясынан билдиришти.
Иш-чараны төкмө акын Акматбек Султан уулу ачып, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жалпы эле сынактардын жүрүшү боюнча маалымат берип, Алкыш барактарды жана заманбап үлгүдөгү планшеттерди тапшырды.
Төртүнчү айлыктын темасы: “Улуттук нарк” видеосынагынын жеңүүчүлөрү:
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри, Ош шаарынын вице-мэри, Юстиция министринин орун басары, Социалдык фонддун төрагасынын орун басары, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн катышып, 38 мекеменин ичинен төрт айда активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн дипломдор менен сыйланышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында I, II, III, IV этаптардагы сынакта эң көп көрүүлөрдү топтогон видеороликтер көрсөтүлдү. Бул долбоор мамлекеттик тилдин өнүгүшүн жана улуттук баалуулуктардын кеңири жайылышын колдоого алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тилин, маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатууга багытталды.