Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев борбордо 15 күнгө бардык тойканаларды жапканы жатат. “Коронавируска байланыштуу кырдаал оорлошууда. Биз шаарды дагы карантинге жаба албайбыз. Ресторан менен кафелердин ээлеринен суранып жатабыз, бирок алар бизге кулак салбай жатышат. Сиздер элдин ден соолугу менен ойноп жатасыздар”, — дейт Балбак Түлөбаев. Тойканаларды жабуу чечими жакынкы убакытта кабыл алынат.
1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгында «Дордой» базарынын аймагындагы Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоо...












