Тилек Текебаев соода жайлардагы коопсуздук эрежелерин көзөмөлгө алууну тапшырды

Бүгүн, 13-июлда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев шаардын “Тору” соода борборунун маңдайында газдалган суу сатуучу жайда орун алган жарылуу кесепеттерин жеринен көрдү.
Облус башчысы жергиликтүү бийлик жана бардык тийиштүү тармактардын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрүп, абалды келип чыгуу себептерин тактоо тапшырмасын берди. Өкүл мындан сырткары Жалал-Абад шаарындагы техникалык коопсуздук эрежелери сакталбаган, мыйзамсыз соода жайларын аныктоо, алдын алуу чараларын күчөтүүнү милдеттендирди.