Тилек Токтогазиев: “Сугат суу уурдала берсе, күзүндө азык-түлүктүн баасы асманга чыгат”

Сугат суунун уурдалышын токтотуу үчүн ыкчам чара көрүлбөсө, азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттайт. Бул тууралуу мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев “Маралга” берген маегинде билдирди.

“Чоң Чүй каналында суу бөлүштүрүүчү жүзгө жакын шлюз бар. Ар биринен жок дегенде 500 литрден же 1000 литрден уурдалса, уурдалып кеткен суунун жалпы көлөмү көп болуп чыгат. Ошол себептен 1-2 жуманын ичинде керек болсо, ар бир пунктка АКСтин (Коррупцияга каршы кызматтын) кызматкерлеринен коюп, сууну күнү-түнү кайтаруу керек. Бул – улуттук азык-түлүк коопсуздугу үчүн абдан маанилүү”, — дейт Токтогазиев.

Анын пикиринде, ар бир суу бөлүштүрүлө турган жерге күч органдарынан вахталык ыкма менен 8 сааттан 3 нөөмөткө киши бекитип, суунун каякка, канча көлөмдө кетип жатканы онлайн көрүнүп тургандай кылып койсо, уурулук токтойт. Уурулук токтосо, анда суу 100 пайыз баарына жетет деген ишенимде экс-министр.

«Азыр эле баалар былтыркыга салыштырмалуу орточо 2 эсе кымбат болуп жатат. Эгер эгиндин баарын, жүгөрүнүн баарын кууратып алсак, күзүндө баа дагы көтөрүлөт. Азыр 20-22 сом болуп жатса, күз-кышта 30 сомго чыгып, же андан да ашышы мүмкүн. Тоюттун баасынан жумуртка, сүт, эт көз каранды. Демек, бүт баары кымбаттайт. Ошондо азыркы баа, азыркы мезгил сонун экен деп сагынабыз. Бүгүнкү баа фантастика болуп сезилип калат», – дейт ал.