Тилек Жумагазиевдин операциясына сумманын 3/1 бөлүгү чогулду

Эки ай мурда театр жана кинодо бир канча образдары менен таанымал Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын актёру Тилек Жумагазиев боору ооругандыгына байланыштуу операция жасоого ири суммадагы каражат керек экенин айтканбыз.

Бүгүн, 6-январда актёрго байланышканыбызда, ал буларды айтты: SUPER TV келип видео тартып кеткенден кийин операцияга керектүү сумманын 3/1 бөлүгү чогулду. Каражат толук чогулганга чейин тиешелүү дары-дармектерди ичип жатам. Курсташтарым жардам иретинде кайрымдуулук концертин өткөрөбүз дешти”, — деди өз сөзүндө Тилек Жумагазиев.