Бүгүн, 14-майда Тилекмат Куренов Биринчи Май райондук сотуна бөгөт чарасын кароо үчүн жеткирилген. Интернетке тараган видеолордон анын сотко аксап келгенин көрүүгө болот.
Анын жактоочусу журналисттерге айыпталуучу грыжасынан улам аксап жатканын айткан.
Сот анын бөгөт чарасын карап, 2 айга камакта калтырды.