Тилектештик акциясы: SEREP MEDIA, SuperTV саат 12:00гө чейин жаңылык берүүнү токтотот

Кыргызстандагы эркин медиаларга карата мурда болуп көрбөгөндөй кысымдын күчөшүнө байланыштуу бүгүн, 28-октябрда ЖМКларга жасалып жаткан кысымга каршы #күччындыкта #силавправде хэштегдери менен масштабдуу маалыматтык кампания башталат.

28-октябрда Blackout Day жарыяланып, медиалардын баары бир учурда саат 9:00дөн 12:00гө чейин бир дагы жаңылык чыгарбайт. Бул аралыкта жаңылыктын ордуна кара фондо “Жаңылык чыкпайт. ЖМКга кысым күчөдү” деген текст чыгат.

Ошону менен катар эле редакциялардын баары бир күн бою мамлекеттик органдардын пресс-релиздерин чыгаруудан баш тартышат.

Маданият жана маалымат министрлиги “Азаттыктын” сайтынын ишин токтотуу боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алган. Кыргызстандын медиакоомчулугу бийликти сөз эркиндигине, басма сөз эркиндигине карата кысымды жана журналисттерге, блогерлерге, жарандык активисттерге жана башка өз пикирин эркин айткан жарандарга карата кылмыш куугунтугун токтотууга чакырат.