Жашы жете элек балдар, карылар жана майып адамдарды тилемчиликке тарткандарга 20 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Тилемчилердин артында туруп тиричилик кылгандарды коомдук жумуштарга тартуу да каралууда.
Бишкек жана Ош шаарларында тилемчилик фактысынын өсүшү жергиликтүү тургундар менен айдоочулардын нааразычылыгын жаратып жатат.