Министрлик мекендештерди ал жактын миграциялык мыйзамдарын сактоого чакырып, тартип бузгандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
Мыйзамдуу жолдор менен барып, бирок документинин мөөнөтү өтүп кеткенде дагы айыпка жыгыларын эске салды. Ведомство ошондой эле АКШ бийлиги өз алдынча чыгып кеткен мыйзамсыз мигранттарга мекенине кайтууга каржы жагынан жардам берерин белгиледи.
Ал үчүн CBP Home тиркемесин жүктөп, программага катталып, АКШдан чыгуу зарыл. Суроо жаралса Кыргызстандын элчилиги, консулдугуна кайрылса болот.