ТИМ чет өлкөлөрдө соттолгон Кыргыз жарандарын мекенине которуу боюнча иштер жөнүндө маалымат берди

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө соттолгон Кыргыз жарандарын мекенине которуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

«2024-жылдын 9 айында чет мамлекеттердин 65 түзөтүү мекемелерине, анын ичинде Орусиянын аймактарында жайгашкан түзөтүү мекемелерге консулдук чыгуулар жүргүзүлдү. Бул консулдук иш сапарлардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын соттолгон 410 жараны менен жеке жолугушуулар өткөрүлдү. Соттолгондорго барганда консулдук кызматкерлер жазасын андан ары өтөө үчүн аларды мекенине которуунун тартибин жана шарттарын түшүндүрүштү.

Ал эми Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине соттолгондордон жазасын өз мекенинде өтөө боюнча келип түшкөн бардык арыздар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына андан ары кароо үчүн ыкчам түрдө жөнөтүлүүдө.

Компетенттүү органдардын биргелешкен ишинин натыйжасында быйылкы жылы чет мамлекеттерден Кыргыз Республикасына андан ары жазасын өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын 91 жараны которулган, алардын ичинен 81 – Орусиядан, 9 – Казакстандан, 1 – Тажикстандан. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын дагы 54 жараны которуу стадиясында турат.

Ошону менен бирге министрлик чет мамлекеттерде соттолгон Кыргыз жарандарынын жакын туугандары дагы аларды жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына которуу өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына түздөн-түз кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар экендигине дагы бир жолу көңүл бурат»,- дешти.