ТИМ: «Дүйнөлүк банк Кыргызстандын калкын коронавируска каршы эмдөөгө кызыкдар»

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия аймагынын директору Лилия Бурунчук жана банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хасан Накви менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр Руслан Казакбаев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө өлкөдө болуп жаткан ички саясий процесстер жана алдыда боло турган жана учурда жүрүп жаткан реформалар жөнүндө маалымат берген.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстанды өнүктүрүү артыкчылыктары жана Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун стратегиялык багыттары, Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызынын портфелин диверсификациялоо жана Дүйнөлүк банк тарабынан өлкөгө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө колдоо маселелери талкууланган.

Мындан тышкары калкты эмдөө, «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумуна даярдык көрүү, өндүрүмдү сертификациялоо жана сапат системасы боюнча аймактык долбоорлорду түзүү маселелери каралган.

Мындан улам, Дүйнөлүк банктын өкүлү Лилия Бурунчук Кыргызстан калкын коронавируска каршы эмдөө, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү жана суу менен камсыздоо сыяктуу демилгелерди колдоого Дүйнөлүк банк кызыкдар экенин билдирген.

Ал эми жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстандын Дүйнөлүк банктын тобу менен «жашыл экономикага» басым жасоо менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жогорулатууга жана кошумча нарк аркылуу калкты жумуш менен камсыздоо чынжырчасын түзүүгө түрткү берген аймактык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган долбоорлорго күч-аракеттерди бириктирүү тууралуу макулдашышты.