ТИМ: «Ирандагы чабуулда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок»

Ирандын аскердик инфраструктурасына жасалган бир катар аба соккуларына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги аба соккуларынан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин билдирди.

«Кыргызстандын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен туруктуу байланышта. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын жарандарын өздүк коопсуздуктун максималдуу чараларын камсыз кылууга чакырат»,— деп айтылат маалыматта.