ТИМ Израиль менен Ливанга барбай турууну сунуштады

Израиль менен Ливандын чек арасындагы татаал жана чыңалган кырдаалга байланыштуу, министрлик Кыргыз жарандарына аталган өлкөлөргө баруудан алыс болууну сунуштайт. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Ошондой эле, Ливан жана Израилде жашаган Кыргыз жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүү жана мүмкүн болушунча жогоруда аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүү зарыл экенин белгилейт.