ТИМ парламенттик шайлоону чагылдыруу үчүн чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялай баштады

Тышкы иштер министрлиги тарабынан  Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону чагылдырууга катышуу үчүн чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоо башталды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Шайлоону чагылдырууга катышууну каалаган чет элдик ЖМКлардын өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменттинин press@mfa.gov.kg электрондук почтасына «Шайлоо 2021» деген белги менен төмөндө көрсөтүлгөн документтердин тизмесин жөнөтүүсү зарыл.

Тизме:

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин алынган билдирмелер кабыл алынбайт.

Билдирмени жөнөтүү автоматтык түрдө аккредитация алуу дегенди билдирбейт. Кайрылууну карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча министрлик тарабынан журналисттерди аккредитациялоо же болбосо аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.