ТИМ жүйөлүү себеп жок болсо, Орусияга барбай турууну сунуштады

Орусиянын аймагында киргизилген кошумча коопсуздук чаралар жана мамлекеттик чек ара аркылуу чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөлдөө режими улантылып жаткандыгына байланыштуу элчилик Орусияга кирүү үчүн жүйөлүү негиздери жок болсо, Кыргыз жарандарына жогоруда көрсөтүлгөн чаралар алынып салынганга чейин анын аймагына баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Ошону менен бирге, зарыл болгон учурда Кыргыз жарандары тийиштүү жардам же консультация алуу үчүн элчиликтин төмөнкү телефондоруна кайрылса болот: +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047.