Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кулаган учак кырсыгы тууралуу маалымат берди.
«25-декабрда Казакстандын Мангистау облусунун Актау шаарына жакын жерде Баку — Грозный каттамы боюнча учкан учак кулап түшкөн. Ачык булактардан алынган маалыматка караганда, учакта 67 адам болгон, алардын арасында Азербайжандын жарандарынан тышкары Орусиянын, Казакстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын үч жараны болгон. Алардын арасынан А.Р. жана О.Т. эс-учунда.
Учурда Республикалык штаб түзүлдү, анын курамына Казакстандын бардык ыйгарым укуктуу органдары кирет»,— деп айтылат маалыматта.
ТИМ тараткан маалыматта үчүнчү кыргызстандык тууралуу маалымат берилген жок.