ТИМ Кореяда жүргөн кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Корея Республикасындагы акыркы окуяларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Корея Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз жарандарын сактык чараларын күчөтүүгө жана зарылдык болбосо жашаган жерлеринен чыкпоого чакырды.

«Коопсуздукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну жана массалык иш-чараларга катышуудан толук баш тартууну өтүнөбүз»,- деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигине төмөнкү байланыш номер аркылуу кайрылууну суранабыз: +82 10 9798 0951.