ТИМ: «Крокустагы» терактыдан кыргызстандык кыздар каза болду деп айтуу азырынча эрте»

Орусиядагы теракттан кийин дайынсыз болуп жаткан эки Кыргыз кызынын ысымы каза болгондордун тизмесинде жарыяланды. Тизмени кечээ, 26-мартта Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңылап илди.

Буга чейин 24 жаштагы Эдита Жусупова жана 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызы дайынсыз болуп изделип жаткан болчу.

«Эки Кыргыз жаранынын каза болгондугу тууралуу маалымат берүү эрте деп саналат. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында жарыяланган тизме генетикалык экспертиза аяктай элек жарандардын, анын ичинде Кыргыз жарандарынын тизмесин камтыйт. ДНК изилдөөнүн жыйынтыгы даяр боло элек», — деп Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.