ТИМ Курск, Брянск жана Белгород облустарына убактылуу барбай турууга чакырды

Курск облусунда федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими, ошондой эле Брянск жана Белгород облустарында аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу, элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарына учурдагы абал турукташканга чейин Орусиянын аталган субъекттерине баруудан убактылуу карманууну сунуштайт. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Ошол эле учурда, зарылдык келип чыкса, Кыргызстандын жарандары элчиликтин төмөнкү телефондоруна кайрылып, тиешелүү жардам же кеңеш алса болот: +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047.