Жакынкы Чыгыш аймагындагы аскердик-саясий кырдаалдын курчушуна жана кырдаалдын мындан ары курчушу мүмкүн болгон тобокелчиликтерине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аймактагы окуялардын өнүгүшүнө туруктуу мониторинг жүргүзүүдө.
Ушуга байланыштуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын төмөнкүлөрдү сактоого чакырабыз:
• жогорку сактык чараларын көрүүгө;
• мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө тыкыр көз салууга;
• жергиликтүү бийлик органдарынын талаптарын жана сунуштарын так аткарууга;
• текшерилбеген маалыматтарды таратпоого;
• мүмкүн болушунча адамдар көп топтолгон жайларга барбоого;
• сапарларды пландаштырууда авиакаттамдардын абалын алдын ала тактоого.
Жеке коопсуздукту камсыз кылуу максатында аскердик тобокелдиктер жогору бойдон сакталып жаткан аймактарда жүргөн жарандарга мүмкүнчүлүк болсо убактылуу чыгып кетүү жана кырдаал турукташканга чейин аталган өлкөлөргө сапарларды токтото туруу сунушталат.
Министрлик кырдаалды мындан ары да көзөмөлдөп, окуялар тууралуу ыкчам маалымат берип турат.
+971 52 291 8840
+971 50 823 8479