ТИМ: «Кыргызстан «Крокус Сити холлдогу» терактыны кескин айыптайт»

Кыргыз Республикасы 22-мартта Москвадагы «Крокус сити холлдо» көп сандаган адамдын өлүмүнө алып келген терактты кескин айыптайт. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

«Терроризм анын бардык формаларында жана көрүнүштөрүндө эл аралык тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу коркунучтардын бири болуп саналат. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана ыйык Рамазан айында жасалган бул адамгерчиликсиз терактык чабуулдан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз», — деп айтылат маалыматта. 

Москванын четиндеги «Крокус сити холл» концерттик залында ок атылып, өрт чыкты. РИА Новости жазгандай, залга камуфляжчан 3 киши кирип барып, ок чыгарган. Андан соң жарылуу болуп, өрт чыккан.

Москванын  мэри Сергей Собянин «Крокус сити холлдо» болгон окуяны трагедия деп атады. Орусиянын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал эми «Крокус сити холлдогу» өрт күч алып, чатыры түшө баштады. 

РИА Новости, ФСБга шилтеме берүү менен 40 адам каза болгонун, 100дөй адам жаракат алганын билдирди. «Алдын ала маалыматтар боюнча, комплекстеги теракттын кесепетинен 40 адам каза болуп, 100дөн ашууну жарадар болду», — деп айтылат маалыматта