ТИМ: «Кыргызстан Тажикстандан улуттар аралык кастыкты козутпоону талап кылды»

Бүгүн, 8-октябрда Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тажик тарапка алардын расмий нааразычылыгы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын Фейсбук социалдык тармагындагы жеке комментарийине байланыштуу орунсуз деп айтылды.

Кыргызстан демократиялуу мамлекет экендиги жана өлкөнүн негизги мыйзамына ылайык ар бир жаран өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экени өзгөчө белгиленет. «Кыргыз тарап тажик тараптын жалган маалымат кампаниясын жүргүзүү үчүн тандап алган деструктивдүү ыкмасы тескери натыйжа берээрин жана тынчтыкты жана бейпилдикти сактоого салым кошпой турганын билдирди. Ошондой эле кыргыз тарап тажик тараптан сабырсыздык жана улуттар аралык кастыкты жаратпоону талап кылып, кол коюлган протоколдор боюнча өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга чакырды», — деп айтылат маалыматта.