ТИМ: “Кыргызстан “Талибанды” тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды”

Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын билдирди.

Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргыз Республикасы Афганистанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат”,- деп айтылат маалыматта.