ТИМ: «Кыргызстандын Кабулдагы элчилигинде 20га жакын кыргызстандык бар»

Кыргызстандын Кабулдагы элчилигинде 20дай кыргыз жараны бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязовдун маалыматына таянуу менен билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысынын айтымында, 21-августка чейин бардык жарандар Кыргызстанга эвакуацияланат. Тышкы иштер министрлиги департамент өлкөдөгү окуяларды, ошондой эле бул өлкөдөгү аскердик-саясий кырдаалдын саат сайын өзгөрүүсүн тыкыр көзөмөлдөп турарын белгиледи.

«Министрлик жана элчилик Кыргызстандын жарандары менен дайыма байланышта», — деп айтылат билдирүүдө.

«Талибан» кыймылы 2021-жылдын жазында америкалык аскерлер чыгарылат деп жарыялангандан кийин, афган армиясынын позицияларына каршы чабуул баштады жана август айына чейин Ооганстандын көпчүлүк аймагына көзөмөл орнотту. Бир күн мурун өлкөнүн бардык аймагын толук көзөмөлгө алуу жарыяланган. Президент Ашраф Гани кызматтан кетти.