ТИМ: «Кыргызстанга келген бардык пакистандыктар эмдөөдөн, медициналык кароодон өтүшөт»

Кыргызстанга келген бардык Пакистандын жарандары өз өлкөлөрүндө Sinopharm, AstraZeneca, Pfizer жана Спутник-V вакциналары менен эмдөөдөн өтүшкөн. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмдерине» ылайык Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Пакистандын жарандары кирген учурда акыркы 72 саат аралыгында алынган ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Пакистандын жарандары медициналык кароодон (термометрия, субъективдүү анализ) өтүшөт. Ал эми клиникалык көрүнүштөр аныкталган учурда дароо изоляцияланып, медициналык мекемелерге жөнөтүлөт. Ошол эле учурда социалдык тармактарда «25тен 35 жашка чейинки пакистандык жарандар Кыргызстанга келип жатат» деген маалымат бул жаштагы адамдардын активдүү эмгекке жарамдуу куракта экени жана Бириккен Араб Эмираттарына, Сауд Арабияга иштөөгө жөнөтүлгөндүгү менен түшүндүрүлөт»,- деп айтылат маалыматта.