ТИМ кызматкери эмнеден каза тапканы белгилүү болду

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министр Алымкадыр Бейшеналиев «Парламентаризм сабактары» берүүсүндө ТИМ кызматкери Бахтияр Шакировдун эмнеден каза тапканын ачыктады.

Анын айтымында, Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин башчысынын орун басары Бахтияр Шакиров Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда анафилактикалык шоктон каза тапкан.

«ТИМ кызматкери балдар ооруканасында антибиотик алып жаткан учурда анафилактикалык шоктон каза тапкан. Бул соттук-медициналык экспертиза тарабынан далилденди. Ошол себептен мен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчисин, башкы дарыгерин, ЛОР-бөлүмүнүн башчысын жана медайымды тергөө убагында убактылуу жумуштан четтеттим», — деди министр.

Мындай болбошу керек эле. Биринчиден, чоң эле адамга балдар ооруканасында тамчылатма дары коюу чоң ката болгон. Экинчиден, антибиотикти саярдан мурда ага реакциясы кандай болорун текшериш керек болчу.

Министр мындан улам бардык аймактардагы медиктер окутуудан өтүп жатканын билдирди.